Жасалга (дизайн) бийлиги же кайда барып окуу керек?

Автор: bakytmirza, September 4, 2012

Акыркы учурда өлкөбүздөгү көпчүлүк ишканалар өздөрүнүн логотиптеринин жасалгасына, корпоративдик басылмаларына, буклеттер, интернет-баракчалар, фирмалык упаковкаларга көбүрөөк көңүл бура башташты. Атаандаштык күч алган рынокто албетте жогорку үлгүдөгү иш жана жетишерлик билим керек.

Кыргызстандын рыногунда учурда дүйнөлүк аталыштагы, жасалганын акыркы үлгүдөгү ыкмаларын колдонгон бренддер менен сунушталган продукциялар көп. Бул жергиликтүү ишкерлерден өздөрүнүн продукцияларынын жасалгасын ошолорго тете жасоону талап кылат.

Буга кандай билим талап кылынат жана жасалгалоо боюнча учурдун талабына ылайык программалар тууралуу маекке көңүлүңүздөрдү бөлмөкчүбүз.

 

– Бакыт, өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз?
– Басылма жаатында иштегениме 17 жылдан ашты. Анын ичинен жасалгалоо жана калыптоо жаатында 10 жылдан ашуун эмгектендим. Өлкөбүзгө гезит басуунун түстүү технологиясы келип, кыргыз тилдүү гезиттердин түстүү форматка өтүүсү менин катышуумсуз чыкпаган деп ишеничтүү айта алам. Кээ бир басылмаларга консультация-кеңештерди бердим, кээ бир басылмалардын стилдик түзүлүштөрүн, паспортторун (логотип) жасап бердим. Көптөгөн басылмаларга техникалык жактан жардамдарды көргөзүп турам. Кээде Жалал-Абад, Ош, Баткенден телефон чалышат, кеңеш берип, айтып, түшүндүрүп берген учурлар болот. Калыптоо жана жасалгалоо жаатындагы практикалык билимимди бирөөлөрдөн бөлүшүүгө качпайм. Тилекке каршы учурда бул жаатта иштеген мыкты адистер аябай аз, ал эми аларга муктаждыктар көп.

– Калыптоо, жасалгалоо тууралуу кененирээк айтсаңыз. Дегеле, бүгүнкү күндө калыптоочу болуп иштөө кадыр-барктуубу?
– Кадыр-барктуу эле эмес, пайдалуу да. Азыркы тапта көптөгөн басылмаларда калыптоочулар жетишпейт. Учурда аябай керектүү кесиптин ээлери – жасалгалоо жаатындагы адистер. Бул жааттагы адистер Кыргызстанда эле эмес, Казакстан жана Россияда да көп талап кылынат. Бишкекте мыкты калыптоочулар 300 доллардан 500 долларга чейинки маяна менен иштешет. Россия, Казакстанда бизден барган адистер айына 1000 доллардан 3000 долларга чейин эмгек акы алышат.

–  Жасалгалоо бүгүнкү күндө кандай мааниге ээ?

– Жасалгалоо бардык аспектидеги жумушта керек. Жөнөкөй жасалгалоодон баштап, рыноктук продукцияларды чебердик ыкма менен жасалгалоо жаатына акыркы жылдарда Кыргызстанда да көп көңүл бурула баштады. Жарыя-маалыматтык технологиялар рыногу өсүүдө, демек мындайда чыгармачылык менен иштей билүү менен бирге, жасалга жаатында тажрыйбалуу да, билимдүү да болуш керек.

– Жасалгалоо жаатындагы билим – бул өзгөчө адистерге гана керектүүбү, же башкаларга да керек деп эсептейсизби?
– Экөөнө тең керек десек болот. Бирок, алар билимин кай жерде, кандай иштетет, кеп ошодо. Балким кээ бирине жасалгалоо хобби катары болсо, кээси бул кесип менен жашоосуна акча табаттыр, дагы бири өз билим деңгээлин андан ары да өркүндөткүсү келер.

Негизинен биринчи кезекте жасалгалоо жараянын түзүүдө буйрутмачы кызыкдар болот. Анткени өз продукциясын жасалгалоо зарылчылыгы бар. Андан сырткары да көптөгөн суроолорду чечиши керек: смета түзүүдөн тартып буйрутманы аткаруучуну табуу жана жасалган буйрутманы бекитүү. Мунун баарына жасалгалоочуга таандык билим керек. Калганы өз нугу менен кетет. Мисалы, кандай материалдар колдонулат, автордук укук, даяр болгон буйрутманы кабыл алуу. Буйрутманы берүүчүгө да атайын билим керек, анткени жасалгалоочу менен бири-бирин түшүнүп, бир пикирге келиши кыйын болот. Бири-бирин түшүнүшө билгенде гана жасалгалоочу буйрутмачынын көздөгөнүн ишке ашыра алат. Жасалгалоо жараянында бир топ адамдар катышат: жарнамачылар, бренд-менеджерлер, копирайтерлер, маркетологдор, сүрөтчүлөр, фотографтар жана жасалгалоочу. Компьютердик доор, рыноктук шарт ар бир инсандан жасалгалоо жаатындагы илимди талап кылат. Жасалгалоо жаатындагы билим баарына керек деп эсептейм.

Графикалык чөйрөдө билим алуучуларды жана билимин өркүндөтүүнү каалгандарды акыркы үлгүдөгү программалык-камсыздоо менен жабдылган биздин лабораторияда курстан өтүүгө чакырабыз. Биздин курс профессионалдык өсүүдө жасалгалоону эффективдүү колдонууну каалагандарга жана компаниянын коммерциялык ийгиликтери үчүн жасалгалоочудан тартып топ-менеджерлерине чейин ылайыкташтырылган.

Жумуш берүүчүнү бүгүн кесиптик билим эле эмес, кызматкер өз ишинде кошумча кандай өнөрлөрдү билүүсү да кызыктырат. Андыктан жасалгалоо жаатындагы билим артыкча болбойт.

– Курстар боюнча кененирээк айтып берсеңиз?
– Учурда биз 30 сааттан турган эки — PhotoShop CS5 Toolkit жана InDesign CS5 Toolkit программалары боюнча курстарды окутуп жатабыз. Бул курстан алган билим полиграфиялык тапшырмалардын көпчүлүгүн чечүүгө чоң жардамын көрсөтөт. Эки курс тең базалык негизде, эч кандай атайын билимдин кереги жок. Компьютерде иштей билип, бир аз өлчөмдө англис сөздөрүнүн арсеналы жана кичине чыдамкайлык, туруктуулук талап кылынат.

– А сертификатчы?
– Биз Билим берүү министрлигинен окутуу үчүн лицензия алганбыз. Курсту ийгиликтүү бүткөндөргө албетте сертификат берилет.

– Бул билимди алуунун канчалык кыйынчылыгы бар?
– Башкысы жалкоо болбош керек. Калган натыйжаларга жетишүү үчүн бизде жакшы жабдылган класс, интенсивдүү окутуу, мыкты адабияттар жана таратып берилүүчү материалдар бар. Андан сырткары биздин студенттер биздин класста кошумча машыгып, үй тапшырмаларын аткарса да болот. Студенттердин каалоосуна ылайык курсту кыргыз же орус тилинде окутабыз.

– Бул программалар кандай мүмкүнчүлүктөрдү берет?
– Adobe InDesign CS5 эң функционалдуу жана ушул тапта эң күчтүү басма системасы болуп эсептелет. Китеп, журнал, гезит жана буклеттерди калыптоодо бардык керектүү нерселерди бул программа менен чечсе болот.

Adobe PhotoShop CS5 программасынын мүмкүнчүлүктөрү боюнча бир эмес көптөгөн китеп жазылган жана аларды санап отуруунун кажети жок. Бул программа көптөгөн жылдардан бери эң жакшы растырдык редактор катары пайдаланылууда. Бизге келип окууну каалагандарга бул эки программаны жумушта бирдей колдонуу үчүн эки курсту чогуу окууну сунуш кылаар элем.

Бир сөз менен айтканда, компьютердик графиканы окуу – бул жөн гана убакытты текке кетиргендик эмес. Сиз бул тармакта акча тапкыңыз келбесе да, өз алдынча сүрөттөрдү оңдоп-түзөөдө, өзүңүздүн интернет баракчаңызга керектүү нерселерди жасоого, балким фирмаңыздын жарнамсын жасоодо жардамы чоң. Дагы башка маалыматтарды алуу үчүн биздин сайтка да кирсеңиздер болот: www.msc.kg

– Маегиңиз үчүн ырахмат!

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.