23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата

Автор: bakytmirza, сентября 14, 2012

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин  басма-сөз кызматында иштеген бир таанышымдын башынан өткөн окуяны 23-сентябр Мамлекеттик тил күнүнө карата жайгаштыргым келди. Окуп жыйынтык чыгараарсыздар.

“Алдыда 23-сентябрь-мамлекеттик тил күнү келе жатат, ошого байланыштуу башымдан өткөн кызыктуу жана өкүнүчтүү бир окуяны достор менен бөлүшүп койгум келип турат.

Ушул жылдын май айларында мен министрликтин аппараттык кеңешмесинде мамлекеттик тилди колдоону жана мамлекеттик тил мыйзамын так сактоону өтүнгөн элем. Ага чейин министрликтеги мамлекеттик тил боюнча комиссия кыргыз тилинин тагдыры жөнүндөгү жыйналышын расмий тилде алып барып жатканда да катуу каршы чыгып, өз пикиримди айтканмын. Ошондон кийин министрдин атына Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук кызматынан атайын мага чара көрүүнү сунуш кылган кат келди.

Каттын артынан улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери да келишип, министрликтин борбордук аппаратынын баардык кызматкерлерин чогултуп жыйналыш өткөрүп, мага жана мен аркылуу жалпы жамаатка мындан ары мамлекеттик тил маселесин көтөрүп, улуттун коопсуздугуна коркунуч алып келбегиле деп эскертип, профилактикалык иш жүргүзүп кетишти.

Достор, силер да этият болгула, 23-сентябрда мамлекеттик тил жөнүндө маселе көтөрсөңөр, улуттун коопсуздугуна коркунуч келип калышы мүмкүн экендигин унутпагыла. Айтмакчы, 3 жылдан 5 жылга чейин камап да койсо боло турган мыйзам бар экендигин баса белгилешкен. Мени кайра-кайра ГКНБга чакырышканда барбай кутулдум, анткени чакыруу кагазы жок эле оозеки айтышканын кагаз түрүндө чакыруу бергиле деп талап кылдым”.

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.